• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанга башка бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет жасаган кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда “Манас-аэропорт” өткөрмө-көзөмөл пунктунун чек ара кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга башка бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет жасаган 22 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 22 жаштагы Р.М., аттуу жараны Стамбул-Бишкек каттамы аркылуу учуп келген. Ал аэропорттун паспорт текшерүү бекетинен чоочун паспорт менен өтүүгө аракет жасаган. Бирок, чек ара кызматкерлери тарабынан паспортту текшерүүгө келгенде Р.М., аттуу жаран чоочун паспорт менен жүргөнү аныкталып, кармалган.

Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган жаран КР УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий