• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Пржевальск жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда электр жабдуулары жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. 110/35/10кВ Пржевальск көмөк чордонунда 35кВ май өчүргүчтөрүн жаңы заманбап вакумдук өчүргүчтөргө алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштер Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы тарабынан аткарылууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, эскирген өчүргүчтөр менен бирге ажыраткычтар дагы жаңыланууда.

Эскерте кетсек, бул май өчүргүчтөр 1982- жылдары орнотулган. Бүгүнкү күндө тейлөө мөөнөтүн аткарып бүтүп, эскилиги жетип, авариялык абалда турган.

Жаңы заманбап вакумдук өчүргүчтөр жүк астында электр чынжырларын күйгүзүү жана өчүрүү үчүн багытталган жана чукул туташуудан автоматтык өчүрүү функциясын аткарат. Май өчүргүчтөрүнө салыштырмалуу заманбап вакум өчүргүчтөрүн тейлөө бир канча ыңгайлуу жана бир канча чукул туташуудан өчкөндө май алмаштырууга туура келет. Ал эми вакумдук өчүргүчтө мындай көйгөй жок.

Белгиленгендей, бул оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

  • Колл-борбору : 105; 1209;
  • Beeline: +996 772 00 1209;
  • MegaCom: +996 556 00 1209;
  • O! : +996 702 00 1209.

Пикир

Оставить комментарий