• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"ПСЖ" Неймарды Коутиньо, Ракитич жана 40 млн еврого алмашуудан баш тартты

Спорт 0

Бишкек, 17.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Франциялык "ПСЖ" клубу "Барселона" тарабынан Неймарды Филиппе Коутиньо, Иван Ракитич жана 40 миллион еврого алмашуу боюнча сунушун четке какты. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазып чыкты.

L’Equipe газетасынын маалыматында "Барселона" 27 жаштагы оюнчуга 40 миллион евро жана өзүнүн эки футболисттин берүүгө даяр.

"ПСЖ" клубунун спорт жетекчиси Леонардо түшкөн сунушту карап чыгуудан баш тарткан.

Испаниялык клуб "Атлетикодон" Антуан Гризманды сатып алгандан кийин Неймар үчүн чоң өлчөмдөгү акча сунуштай албайт. Ушундан улам, келишимге өзүнүн футболисттерин кошуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий