Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жарыяланышынын 30 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин мамлекеттер ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүүдө. Маңыздуу саясий диалог, ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү жолго коюлган. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берип, евразия мейкиндигинде тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыздоо нугунда жүрүүдө», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий