Мындан 83 жыл мурда Кыргызстанда кинохроникалык студия куруу тууралуу чечим кабыл алынган экен. Андан бери кыргыз киносу узак жолду басып, өткөн кылымдын 60-70-жылдары кино тармагы "Кыргыз керемети" деп таанылган. Ал эми азыркы кездеги кыргыз киносунун абалы кандай? Бул тууралуу кино режиссер Радик Эшимов менен маектештик.
— Саламатсызбы! Оболу сөздү азыркы кыргыз киноиндустриясынан баштагым келип турат. Режиссер катары ушул тапта кыргыз киносунун абалы тууралуу айтсаңыз? Эмнеге жетиштик, учурда кыргыз киносу эмнеден аксап жатат?
— Бизде киноиндустрия акырындап өнүгүп келе жатат. Муну биздин кинотеатрлардагы көрсөтүлүп жаткан тасмалардан байкаса болот. Анткени бир айдын ичинде 5 тасма чыгып жатат. Азыр байкап көрсөк биздин тасмалар башка мамлекеттеги кинолордон сүрөт визуал боюнча кем калышпайт. Анткени бизде күчтүү операторлор, сүрөтчүлөр, режиссерлор бар. Биздин бир аз аксап жаткан жерибиз, бизге жакшы сценарийлер керек. Менимче биздин кино жаратуучулар башка өлкөнүн, ошол эле Голливуд болобу, Россиянынбы режиссерлорун туурайбыз деп өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү жоготуп алып жатабыз. Башкача айтканда, өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү жоготуп алып жаткандайбыз. Кинонун тилин таап, өзүбүздүн кинолорубузду жаратсак жакшы болот деп ойлойм. Бирок буюрса биз акырындан ушул нерсеге келе жатабыз.
— Байкасак, акыркы жылдары коммерциялык максатты көздөгөн кинолор биринин артынан бири чыгууда. Олуттуу, тарыхый кинолорду тартууга эмне тоскоолдук болууда?
— Негизи мен үчүн коммерциялык кино менен тарыхый кинонун айырмасы жок. Анткени, жакшы кино коммерциялык болуш керек. Биздин режиссерлор коммерциялык кино менен автордук кино деп бөлүп келишет. Автордук же тарыхый тасманы эл көргөнү болбойт, муну түшүнгөн билген адам гана көрүшү керек дешет. Мен бул нерсеге кошулбайм. Менин оюмча аябай жакшы тартылган тасмалардын баары коммерциялык болушу керек. Анткени, биз кинону эл үчүн тартабыз. Тарыхый кино эмнеге жок? Себеби, тарыхый тасманы тартуу үчүн көп каражат керек. Тарыхый тасма үчүн кымбат костюмдар, жакшы масштабдуу эффекттер керек. Мунун баары албетте каражатка келип такалат. Акыркы жылдары тарыхый тартылууда, бирок алардын сапаты аябай эле начар болууда. Кайсы кинолор экенин айтпай эле коеюн, көрүүчүлөр өздөрү деле билет. Мындай деңгээлде тарткандан көрө, биздин убактагы эле күнүмдүк жашоо-турмушту чагылдырган тасма тарткан туура болот го. Мисалы, бизде деле ошондой. Тарыхый кино тартуу боюнча көптөгөн кыялдарыбыз, максаттарыбыз, долбоорлорубуз бар. Бирок азырынча каражат жактан бир аз аксап жатабыз. Биздин студия каражатты өзүбүз чыгарабыз. Бүгүнкү күндө демөөрчү табуу оор. Ошондуктан биз деңгээли төмөн, тарыхый кино тартканча, жакшы сапаттуу азыркы күндөгү күнүмдүк жашоо тууралуу тасма тарткан жакшы деген ойдобуз.
— Режиссерлордун күнүмдүк майда темадан көтөрүлө албай жатышынын себеби эмнеде?
— Майда тема болгондо эми той, кайнене-келин,күйөө бала боюнча айтып жатсаңыз керек. Биринчиден, биздин кино жаратуучулардын көбү элге жаксын деп тартышат. Бизде жакшы автордук кинолор бар, алар көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышууда. Бирок биз кинотеатрларга койгондо, андай тасмаларга эмнегедир эл келбейт. Ошондуктан тасма жеңил, түшүнүктүү болсун деп ушундай темаларда тартканга туура кеип жатат. Экинчиден, жогоруда айткандай эле каражаттын жетишсиздиги. 3 жыл ичинде бир тасма тартабыз ошол менен жашайбыз деген студиялар аябай эле аз. Анткени, ушундай максат койбой иштесе, анда режиссерлердун көбү ачка калышат. Ал эми чоң маани-маңыздуу, жогорку деңгээлдеги тасманы тартуу үчүн 3-4 жыл керек. Эми бул албетте, менин жеке пикирим. Мага мисалы жакшы кино тартам десем жок дегенде 2 жыл керек. Биздин азыркы тасмалар жарым жылда эле тартылып жатат. Жарым жылда кайра ошол тартылган каражат өзүн актайт. Кайра ушул каражатка экинчи тасманы тартса болот.
— Сиздин пикириңизде кино тармагын көтөрүү үчүн кандай иш-аракеттер жасалышы керек?
— Менин оюмча жакшы кинолорду каржылай турчу ачык фонд болуш керек. Азыркы жаш режиссерлор менен көбүрөөк иштешип, аларга мүмкүнчүлүк берсе жакшы болмок. Мындан сырткары, пираттар. Мамлекетке кинодон дагы, аны жаратуучулардан дагы салык түшөт. Бирок ушул пираттар мамлекетке дагы кино жаратуучуларга зыян келтирүүдө. Ошондой эле бизге күчтүү сценарийлер керек. Голивудда мисалы, эң күчтүү, рейтингде биринчи орундарда турган кинолордун сценарийлери китептен алынган. Бизде дагы аябай жакшы чыгармалар аябай көп. Биздин жазуучу, драматургдар менен иштешип тасмаларды тартсак, күчтүү кинолор чыкмак деп ойлойм.
— Сизге тарыхый кино тартуу сунушталса, кайсы учурду, окуяны тартмаксыз?
— Тарыхый кино тартуу сунушталса мен 1916-жылдагы үркүндү тармакмын. Бул окуя жөнүндө менде жана кесиптештеримде жакшы сценарийлер бар. Азырынча бул сценарийден үстүндө иштеп жатабыз. 1-2 жылдан соң тартабыз деген максаттарыбыз бар. Мындан сырткары, Алыкул Осмонов тууралуу автобиографиялык драма тармакмын.
— Азыркы учурда кыргыз киноиндустриясындагы мыкты үч секирикти айтып берсеңиз?
— Учурдагы кыргыз киноиндустриясындагы мыкты үч секирикке “Бейиш эненин таманында” тасмасы кирет деп айта алам. Ал Борбор Азияда аябай көп каражат алып келген тасма болду. Бул кыргыз киноиндустриясы үчүн аябай чоң жетишкендик. Андан кийинки орунда “Атанын керээзи” тасмасы турат. Менин эң жакшы көргөн кинолорумдун бири. Анткени бул тасма кинофестивалдардын көбүнө катышып, байгелүү орундарды алып келди. “Бейиш эненин таманында” каражат жактан көтөрсө, бул кино фестивалдарда кыргыз тасмасынын деңгээлин көтөрүп жатат. Негизи биздин кыргыз кинолорунун чет жака чыгып жатканы бул чоң жетишкендик деп ойлойм. Мындан сырткары, кыргыз киноиндустриясындагы чоң жетишкендиктердин дагы бир этномедиа тиркемеси деп ойлойм. Азыркы учурда көп көрүүчүлөр кинону сатып алып көргөнгө көнүп калышты. Бул аябай жакшы нерсе. Анткени дүйнө жүзүндө баары кинону ушундай Netflix, Amazon сыяктуу тиркемелерден көрүшөт. Ал жакта бекер кинолор деле чыгат. Бирок, эки-үч жылдан кийин. Эл сатып алып көрсө, анда кино кызыктуу сапаттуу деп айтууга болот. Ошондуктан этномедиа кыргыз киноиндустриясындагы эң чоң жетишкендик деп айта алам. Алдыда дагы мындай тиркемелер көп болот деген ишеничтемин. Буюрса кыргыз киноиндустриясы өнүгөт жана дүйнө жүзүнө таанылат деп ишенем.
Маектешкен Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий