• 87
  • 90.41
  • 0.84

Раим Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөдү – Камчыбек Ташиев

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. "Эки күн мурун Раим Матраимов үй камагына чыкты", – деди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө.

Депутат Балбак Түлөбаев УКМК башчысынан эмнеге Р.Матраимов бошотулганын сурады.

Өз кезегинде Ташиев Матраимовго 3 берене боюнча айып тагылганын белгиледи.

"Биринчи берене - чек арадан мыйзамсыз өтүү, экинчиси - бейбаштык жана үчүнчүсү - кылмыштуу кирешелерди адалдоо. Тергөө 8 айга созулду. Ал мамлекетке 200 млн доллар төгүп, эркиндикке чыкты. Бул 2 млн же 20 млн доллар эмес, бул абдан чоң акча, сомго айдандырганда 17 млрд сом. Буга чейин дээрлик 2 млрд сом төлөгөн, жалпы 19,5 млрд сом төктү. Мындан тышкары, бир катар мүлктөрү мамлекетке алынды. Мүлктөрү арзандатылган баада алынды. Эки мисал келтирейин – Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй, ал жерге күч кызматкерлери үчүн оорукана курабыз, ал эми Ош шаарында "Ихлас" компаниясы чоң борбор куруп жаткан, анда дагы имараттары, батирлери, бизнес-борборлору болгон. Ал жерде чарчы метри 1700-1800 доллар турат, биз алардын чарчы метрин 1200 долларга бааладык. Мүлктү алган болсок, бул жогорулатылган баада алдык дегенди билдирбейт. Жакында сот болот, бул санкциялардын шарттары бар, 5 жылга чейин, аны абакта кармоонун кереги жок", - деди ал.

Ташиев жакын арада УКМКда маалымат жыйыны болорун, анда толук маалымат берилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий