• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ала-Арча суу сактагычынын аймагынан сейрек кездешүүчү куш сүрөткө тартып алынды

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Ала-Арча суу сактагычынын аймагынан сейрек кездешүүчү куш сүрөткө тартып алынды. Бул тууралуу NABU-Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган уюмдун мониторинг бөлүмүнүн кызматкерлери ноябрь айындагы иш сапарында Ала-Арча суу сактагычынын аймагында жана анын айланасында канаттууларга визуалдык байкоо жүргүздү.

Жыйынтыгында канаттуулардын 10 түрү, анын ичинде Кызыл китепке киргизилген ак канаттуу тоңкулдак (белокрылый дятел) катталды.

Белгиленгендей, бул канаттууга карата кылган кыянаттык үчүн 10 миң сомдук айыппул каралган.

Ошондой эле камерага көк кытан, ак кытан, чоң кара каз, кызыл моюн арам өрдөк, айры куйрук, кайырма өрдөк, молдо торгой, ак чардак, жаман сары сыяктуу куштар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий