• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Россиялык дарыгерлер Ошто 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасаган

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Россиялык дарыгерлер Ош шаарында 1 жаштан 15 жашка чейинки 42 балага жүрөк-кан тамыр ооруларына акысыз операция жасаган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, бүгүн Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов Орусиянын Новосибирск шаарынан келген Жаңы медициналык технологиялар борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.

М. Исраилов Ош шаарынын мэринин жана жалпы шаардыктардын атынан операцияларда ийгиликтүү жасаган орусиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Дарыгерлер жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга багытталган "Жүрөктөн жүрөккө" акциясы тууралуу айтып беришип, илдеттин олуттуулугу жөнүндө коомчулукка маалымат жеткирүү, сергек жашоого үндөө максатында акысыз түрдө кеп-кеңештер берилээрин белгилешти.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараны келерки жылдын апрель айында өткөрүү пландаштырылууда.

Учурда Ош шаарынын Кыргыз-Орус клиникасында Россиянын төмөндөгү жогорку квалификациялуу медициналык адистер тарабынан (акысын төлөө негизинде) кеңештер берилүүдө:

  • Попова Жанна Юрьевна жогорку категориядагы дарыгер-репродуктолог, акушер-гинеколог, гинеколог-эндокринолог;
  • Медицина илимдеринин доктору Павлов Виталий Викторович, травматолог-ортопед;
  • Жаңы медициналык технологиялар борборунун кардиоборборунун башкы дарыгери Байрамова Севда Афгановна жогорку категориядагы аритмолог, кардиолог;
  • Жаңы медициналык технологиялар борборунун орусиялык клиникасынын онкологиялык кызматынын жетекчиси, онколог-уролог, 18 жылдык тажрыйбасы бар хирург Ярмощук Сергей Валерьевич.

Пикир

Оставить комментарий