• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Жалал-Абад шаарында ички маршруттук каттамдарга рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ички маршруттук каттамдарга рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы коомдук транспорттордо санитардык талаптар толук сакталбай жатат.

Рейддин жүрүшүндө унаадагы орундарга жүргүнчүлөр толгонуна карабай белгиленген чектен көп алынып жатканы айтылып, айдоочуларга эскертүү берилди. Жүргүнчүлөр да беткапсыз чыгып санитардык талаптарды сактабай жатканы байкалды.

Шаар аймагында кайдыгерликтен улам оору кайрадан күч алууда. Эрежелер сакталбаса коомдук транспортко түшүүгө мүмкүн эместиги рейд учурунда эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий