• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч түзүмдөрүн сындады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынында тажик-өзбек чек арасындагы «Ишкобод» бекетиндеги кол салуунун алдын албаганы үчүн атайын кызмат менен ИИМди сынга алды.

«Эгерде үч-төрт террорист бир нече айдан бери кол салууга камынып жүргөнүн билбесеңер, анда эмне иш кылып жүрөсүңөр?» – деген президент.

Тажикстан президенти бардык мамлекеттик түзүмдөргө терроризм менен күрөшүүдө Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен ИИМге көмөк көрсөтүүнү тапшырып, бул алардын жумушунун бир бөлүгү экенин белгиледи.

6-ноябрга оогон түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы чек ара бекетине куралдуу кол салуу болгон. Андан 15 жоочу жок кылынып, бешөө кармалган. Тажик бийлиги чабуул учурунда бир милиционер жана бир чек арачы өлтүрүлгөнүн расмий маалымдаган. Ошол эле маалда «Азаттыктын» тажик кызматы өз булактарына таянып, беш чек арачы жана бир милиционер курман болгонун жазган.

Ал эми 8-ноябрда «Ислам мамлекети» террор тобу чабуулду мойнуна алып, 10 чек арачы өлтүрүлгөнүн жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий