• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Расул Абазбек уулу: "IT`деги кыздар" долбоору аркылуу кыздар ишкердик көндүмдөрүн үйрөнө алышты

Билим 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. "IT`деги кыздар" долбоорунун жардамы менен кыргызстандык кыздар графика боюнча гана билимге ээ болбостон, ишкердик көндүмдөрүн үйрөнө алышты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

Анын айтымында, заманбап билим берүү системасы адамды тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даярдашы керек.

"Бүгүн биз өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарованын "Эне балага тирек" фонду тарабынан демилгеленген "IT`деги кыздар" долбоорунун алкагында окууну ийгиликтүү аяктаган кыздарды сыйлоо аземине катыштык. Билим берүү жана илим министрлиги, “Кыргыз почтасы” жана Wildberries компаниясы өнөктөштөрдөн болду. Бардык катышуучулардын активдүүлүгү менен бул долбоор ийгиликтүү өттү", - деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, долбоорго катышуу үчүн республика боюнча кесиптик лицейлерде билим алып жаткан 30 кыз тандалып алынган.

"Wildberries тренерлеринин көмөгү менен кыздар графикалык дизайн боюнча теория жана практикага ээ болушту. “Биз азыр бардыгы тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө, санариптештирүү доорунда жашап жатабыз. Кыздар практикалык жана теориялык билимдерден тышкары, өздөрүн алдыга жылдыруу жана эң негизгиси ишкердик жөндөмдөрүн үйрөнө алышты. Ар бир мамлекеттик орган социалдык жоопкерчилик деген түшүнүктү алып жүрүшү керек. Менин оюмча, негизги өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен биз муну жеткире алдык", - деди Расул Абазбек уулу.

Ошондой эле ал студенттер потенциалдуу иш берүүчүлөр менен жолугуп, баарлаша ала турган бейформал тармактык иш-чара уюштурулганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий