Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Бүгүн жаңы дайындалган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабировдун төрагалыгы астында биринчи аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аймактык башкармалыктардын жетекчилери видео -конференц байланыш аркылуу катышышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Равшан Сабиров министрликтин жакынкы мезгилдеги негизги артыкчылыктарын белгилеп, эмгек мамилелери, социалдык колдоо жана миграциялык саясат чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктарга ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын белгиледи.
"Биздин күч-аракеттерибиз татыктуу эмгектин сапатын жогорулатууга, жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүнө шарт түзүүгө жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоого багытталышы керек. Биздин ишибиздин өзөгүн элдин кызыкчылыгы түзөт жана биздин максат — мамлекеттик колдоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу", — деп белгиледи Равшан Сабиров.
Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүлүп, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу боюнча алгачкы тапшырмалар берилди.
Министр социалдык чөйрөдө туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн министрликтин кызматкерлеринин ырааттуу ишинин жана башка мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий