Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Сабиров Равшанбек Азатович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Равшанбек Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду
12/10/21 12:09 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий