• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Ысык-Көлдүн түбүнөн узундугу 14 чакырым браконьердик тор алынды

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Быйыл Ысык-Көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 14 чакырымга созулган браконьердик тор алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун директору Анвар Шамсутдинов билдирди.

Анын айтымында, “Таза Ысык-Көл” коомдук фонду түзүлгөндөн бери жети жылдын аралыгында көлдөн 53 кап таштанды, 8 унаа дөңгөлөгү жана 20 чакырым тор алынган.

“Быйыл бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өткөн иш-чарада негизги басым браконьердик торго жасалды. Мында көлдүн түбүнөн 14 чакырым тор тазаланды. Ошондой эле ыктыярчылар тарабынан үч тоннага жакын таштанды чогултулду”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 18-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда өткөн ишембиликте болжол менен 3 миң тонна таштанды тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий