• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Разаков Россия жана КР аймактарынын ортосундагы аба каттамдарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.18. /Кабар/. «Жаңы санариптик чечимдерди издөө Кыргызстан жана Россия ортосундагы экономикалык интеграциянын маңызын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 15-июнда, Челябинск шаарында (Россия Федерациясы) «Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын экономикалык интеграциясындагы санариптик трансформациянын ролу» аттуу Жетинчи Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясынын жүрүшүндө. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр белгилегендей, эки өлкө жетекчилери тарабынан эки тараптуу кызматаштык, ошондой эле интеграциялык аракеттешүү алкагында мамлекет аралык өз ара мамилелердин жаңы форматын, стратегиялык өнөктөштүктү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү боюнча чоң иштер аткарылды.

Жеңиш Разаков билдиргендей, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 1,5 млрд АКШ долларына жакын сумманы түзүп, же Кыргызстандын чет мамлекеттер менен экспорттук-импорттук операцияларынын жалпы көлөмүнүн 23 % түзөт.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономикалык конъюнктуранын өзгөрүүсү орун алып жаткандыгын, буга байланыштуу жаңы технологиялардын өнүгүүсү жаңы рынокторду түзүү менен катар учурдагы экономиканын тармактарын кескин өзгөртүүгө дуушар кылып жаткандыгын белгиледи.

Вице-премьер-министр маалымдагандай, учурда Кыргызстанда санариптик трансформация боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Ошондой эле ал санариптик технологиялар маселеси боюнча кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү боюнча алдын-ала келишимдер эки өлкө ортосундагы 2018-2021-жылдарга Экономикалык кызматташтык программасында, ошондой эле 2018-жылдын 30-мартында Москвада өткөн Кыргыз-Россия өкмөт аралык комиссиясынын 20-кеңешмесинин протоколунда белгиленгендигин канаттануу менен белгиледи.

«Бүгүн биз кесиптештерибизге биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун санариптештирүү боюнча, нормативдик база жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча тажрыйба алмашуу, экономикада жана мамлекеттик сектордо операциялар менен транзакцияларды жакшыртуу үчүн зарыл болгон программалык тиркемелерди иштеп чыгуудагы билимдер менен алмашууну жана санариптик экономика үчүн кадрларды даярдоону камтыган кыйла деталдуу күн тартибин аныктоону сунуштайбыз», - деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Аны менен бирге вице-премьер-министр эки жактуу соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелердин потенциалын өнүктүрүүдө Кыргызстандын региондору менен Россиянын субъекттеринин ортосундагы кызматташуунун ролу өзгөчө экенин ырастады.

«Кыргыз Республикасында 2018-жыл - Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу бүгүнкү иш-чара өзгөчө актуалдуу. Бул өңүттөн алганда Кыргызстан россиялык өнөктөштөрүнө өлкөнүн аймактарындагы инвестициялар үчүн салыктардан бошотуу, инвестициялык жана салыктык мыйзамдардын туруктуулугу, ошондой эле Европага жеңилдетилген экспорттук режимди камтыган мыкты шарттарды сунуштоого даяр», - деп белгиледи ал.

Жеңиш Разаков келечектүү багыттар катары айыл чарбасы, тигүү өндүрүшү, этти кайра иштетүү заводдорун куруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин иштеп чыгууну сунуштады.

Вице-премьер-министр ошондой эле аймактар аралык байланыштарды мындан аркы бекемдөөдө туристтик сектордогу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кызмат өтөөрүнө ишеним билдирип, буга байланыштуу «Челябинск–Бишкек» жана «Челябинск–Тамчы» түз аба каттамдарын, ошондой эле Россия жана Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жеңиш Разаков Конференциянын катышуучуларын өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жана 2018-жылдын сентябрындагы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Конференциянын соңунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский «Достук багы» аталган бак отургузуу аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий