• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы алты мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттар тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстандагы алты мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттар тапшырылды. Аларды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.

“Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго көбөйтүлдү.

Тактап айтканда, Аксы районунун Кош-Дөбө– 3 млн сом, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа – 2 млн сом, Түп районунун Каркыра – 1 млн сом, Араван районунун Алля Анаров –3 миллион сом, Ат-Башы районунун Ат-Башы 2 миллион сом, Лейлек району Сумбала айыл өкмөттөрү 1 миллион сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий