• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Раззаков шаарында жаңы мал базары курулат

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Баткен облусунун Раззаков шаарында мал базарын куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендерди мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти жарыялаган.

Тендердин суммасы 11 млн 80 миң 148 сомду түзөт. Конкурстук арыздарды 26-сентябрга чейин берүү зарыл.

Тендерде жерди тегиздөө, тосмо куруу, скважиналарды бургулоо, электр чубалгыларын тартуу, кирүү үчүн жол салуу сыяктуу иштер камтылган.

Пикир

Оставить комментарий