• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүйдөгү түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизат ыргытууга аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизат ыргытууга аракет кылган 42 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, жеке текшерүү учурунда шектүү жарандан скотч менен оролгон беш брикет табылган, алардын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон.

Алынган заттын салмагы 3 кг 40 гр “гашиш” баңгизаты, ошондой эле өсүмдүк тектүү жашыл түстөгү 844 грамм марихуана камтылган эки пластик бир литрлик бөтөлкө болуп, жалпы салмагы 3 кг 884 гр. түзгөн.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Москва районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий