• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокен: Масы айыл аймагында сейил бак жана маданият үйү пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/ Ноокен районунун Масы айыл аймагында Масы сейин багы жана Масы маданият үйү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу салтанатына райондун акими Таалайбек Ишенбеков, Масы айыл өкмөт башчысы Нарматов Азамат, мекеме-ишкана жетекчилери, аксакалдар, Масы айыл аймагынын тургундары жана коноктор катышты.

Таалайбек Ишенбеков айыл элин куттуктап, алдыда Ноокен районунда ушундай жакшы жаңылыктар боло беришине тилектеш экенин айтты.

"Албетте маданиятсыз эл болбойт дейт. Азыркы учурда президентибиздин жаткан саясатын колдоп, райондун маданият жаатында жана тургундарга эс алууга жакшы шарттарды түзгөнү аракет көрүүдөбүз. Мындан ары да буюрса Ноокен элине жакшы шарттарды түзүп берүү үчүн болгон күч аракетибизди жумшайбыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган жерлер кароосуз калып, маданият үйүнүн имараты оңдоп-түзөөгө муктаж болчу. Ноокен райондук Өнүктүрүү фонду тарабынан каражат бөлүнүп, толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий