• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Реал” клубу “Баварияны” 2:1 эсебинде утуп, өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөттү

Спорт 0

Бишкек, 26.04.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын жарым финалынын биринчи оюнунда мадридтик “Реал” менен “Бавария” клубунун беттеши болуп өттү. Беттеш 26-апрель күнү Мюнхендин “Альянц Аренасында” болуп, Реал командасы 2:1 эсебинде жеңип алды.

Эсеп оюндун 28-мүнөтүндө ачылып, мадридтик “Реалдын” дарбазасына “Бавария” клубунун оюнчусу Йозуа Киммих киргизди. Көп өтпөй Реалдын оюнчусу Марсело 44-мүнөтүндө эсепти 1:1ге айлантты.

2-таймдын 57 мүнөтүндө каршылашынын дарбазасына реалдын чабуулчусу Марко Асенсио гол киргизип, эсепти 2:1ге өзгөрттү.

Кийинки жооптук беттеш 2-майда Мадридтин “Сантяго Бернабеу” калаасында өтөт.

Эскерте кетсек, жарым финалынын алгачкы беттешинде “Ливерпуль” клубу 5:2 эсебинде “Рома” командасын жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий