• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарынын мэринин жазгы элдер менен жолугушуусун жыйынтыктады

Аймак 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Кечээ, 25-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Жибек-Жолу”, “Курманжан-Датка”, “Ак-Буура” аймактык кеңешинин тургундары менен жолугуп, жазгы элдер менен болгон жолугушуусун жыйынтыктады. Ал эми келип түшкөн ар бир каттын аткарылышы шаар башчысынын жеке көзөмөлүндө болуп, күз айларында боло турган жолугушууда жыйынтыгы туурасында маалымат берилет.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев аталган аймактын тургундарынын бир нече суроолоруна жооп берип жатып, тийиштүү жетекчилерге келип түшкөн айрым маселерди тез арада чечип, жообун бергиле деген талаптарды койду.

Жашоочуларга көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап-сырдоо, таза суу түтүктөрүн, жылуулук системаларын алмаштыруу, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын жаңылоодо кош каржылоо принциби боюнча түшүндүрүлдү. Ошондой эле, балдар аянтчаларын куруу, свет, газдаштыруу боюнча толук маалымат берилди.

Ал эми Жибек-Жолу аймактык кеңешинин 220-кварталынын жашоочуларына аз убакыттын ичинде таза суу бергиле деп шаар мэри суу канал жана капиталдык курулуш ишканасына тапшырма берди.

Белгилей кетсек, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин эл менен болгон жолугушуусу жылына эки ирет өтүп келет. Бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий