• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Рейддин жыйынтыгында 1,7 млн сом транспорт салыгынын түшүүсү камсыздалды – МСК

Экономика 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын сентябрь айынын башынан тартып жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 1 млн 710,3 миң сом транспорт салыгынын түшүүсүн камсыздады.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул аралыкта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте 154 рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө транспорт каражаттарына салык төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаган 1064 салык төлөөчү аныкталды.

Мындан сырткары, иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 870,7 миң сом айып пул салынды.

Эскерте кетсек, Салык кызматы транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге жана үй жанындагы участокторго салык төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин, төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштаган.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөбөгөн мүлктөрдүн ээлери салыктын негизги суммасын гана эмес, административдик айып пулду, ошондой эле ар бир кечиктирилген күн үчүн туумду төлөөгө милдеттүү.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен, ошондой эле www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий