• 87
  • 90.41
  • 0.84

Республика боюнча 649 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат бар - Боронов

Ден соолук 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Республикада жалпысынан 649 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, 649 аппараттын 479у гана иштейт, 93 аппарат оӊдолууда, калган 77 аппарат оңдоого жатпайт.

«Мындан тышкары 8 аппарат кошумча гуманитардык жардам катары келди. 80 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 25 көчмө аппарат эл аралык донорлордун каражатынын эсебинен сатып алынат, бүгүнкү күндө 40 аппаратын сатып алууга келишимге кол коюлду», - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий