• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан боюнча мобилдик топтор тарабынан 603 миң 379 жаран текшерилди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республика боюнча мобилдик топтор тарабынан 603 миң 379 жаран текшерилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча 214 мобилдик топ иштеп жатат.

"Бүгүнкү күндө 130 миң 96 үйдүн жашоочуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүү пландалууда. Бул сан эпидемиологиялык кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Мобилдик топтор жарандар менен маектешип, эгер шектенүү пайда болсо анализдер алынат. 17-майга карата 118 миң 82 үйдүн 603 миң 379 жашоочусу текшерилди. Алардын ичинен 6 жаранда коронавирус табылды", - дейт ал.

Боронов кошумчалагандай, өлкө боюнча үй карантининде болгондордун жалпы саны 123 миң 638 адам, анын 95 миңи чыгарылып, 28 миң 592 жаран калды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243кө жетти. Алардын ичинен 257си медицина кызматкери. Илдеттен 898 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий