• 88.68
  • 95
  • 0.95

21-майдан тарта ишке кире турган тармактар - тизме

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-майдан тарта кайсы экономикалык тармактар ишке кирери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 21-майдан тарта ачыла турган тармактар эки этапка бөлүндү. “Учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу медициналык кызматкерлердин, эксперттик топтордун берген сунуштамалары боюнча биз ушундай чечимге келдик”, - деди Боронов.

21-майдан тарта ишин жанданта турган тармактар:

  1. Калкты тейлөө борборлору (бардык тармактар боюнча);
  2. Калкты тиричилик жактан тейлөө борборлору (саат, бут кийим оңдоо);
  3. Эмерек чогултуу жана оңдоо ишканалары;
  4. Соода борборлору (ичиндеги балдар оюн-зоок аянтчалары жана коомдук тамактануу жайлардан тышкары);
  5. Азык-түлүк эмес товарларды сатуучу дүкөндөр жана пункттар;
  6. Унаа жана мал базарлар;
  7. Менчик (жеке) репетитордук кызмат көрсөтүү;
  8. Менчик мончо жана СПА борборлору (коомдук мончо жана сауналардан тышкары);
  9. Мейманканалар (машыгуу залдары жана бассейндер иштебейт).

Пикир

Оставить комментарий