• 87
  • 89.63
  • 0.85

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга дайыма даяр, дары-дармектер жетиштүү – башкы дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 10.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга дайыма даяр, дары-дармектер жетиштүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бейтаптардын арасында курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук инфекциялары боюнча дарыланып жаткандар көп. Ошону менен катар кызылча оорусу менен келгендер да басымдуулук кылууда. Калгандары ичеги-карын оорулары, вирустук гепатит, менингит, энтеровирус, суу чечекти жугузуп алгандар.

“Бизге кышкысын курч мүнөздөгү дем алуу органдардын вирустук инфекциясы, жайкы мезгилдерде ашказан, ичеги-карын жана башка ооруларга кабылгандар көп кайрылат. Мындам улам биздин оорукана бейтаптарды кабыл алууга дайыма даяр, дары-дармектер жетиштүү. Бейтаптарды ооруканага жаткырууга туура келсе үйүнө кетирбейбиз, орун жок болсо да сөзсүз түрдө дарылаганга алып калабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Гүлжигит Аалиев оорукана 500 орунга ылайыкталганын, буга карабастан учурда 554 адам жатканын айтты.

"Биз палаталарда эле эмес, коридорлорго атайын керебеттерди коюп жаткырганга мажбур болуп жатабыз. Анткени биздин эң биринчи максатыбыз келген оорулууларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү. Антпесе жугуштуу оорулар өтүшүп кетсе, адамдын абалы начарлап кетиши мүмкүн", - деп кошумчалады дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий