• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

РФ компанияларынын өкүлдөрү менен Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги Россиянын "РЖД-Интернейшнл" ЖЧК жана "Российский экспортный центр" АК менен Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушун талкуулады.

Ишканадан билдиришкендей, жетекчи Азамат Сакиев жыйындын катышуучуларына Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолуна тиешелүү темир жолду автоматташтыруу жана телематика системаларын биргелешип долбоорлоо, куруу жана талаа долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле "Кыргыз темир жолу" жана "РЖД-Интернейшнл" ишканасынын өкүлдөрүнөн турган техникалык топ Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушун жеринде текшерип, иштин жүрүшү менен таанышышты.

Эске сала кетсек, инвестицияларды тартуу, ошондой эле бул долбоорду өз мөөнөтүндө аяктоо максатында өткөн жылы декабрда "Кыргыз темир жолу" МИ, "Российский экспортный центр" АК жана "РЖД-Интернейшнл" ЖЧКнын ортосунда "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече" темир жол линиясын куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууну иштеп чыгуу маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Азыркы учурда "Балыкчы – Кочкор" темир жолунун курулушу "Кыргыз темир жолу " МИнин күчү жана өз каражаттары менен ишке ашырылууда. 2022-жылы 5 чакырым темир жолу курулган.

Пикир

Оставить комментарий