Россия БУУнун Коопсуздук кеңешине бир ай төрагалык кылат

Дүйнө 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу бир айга Россияга өттү. Акыркы жолу Россия дүйнөлүк уюмдун негизги түзүмүнүн ишин 2023-жылдын апрелинде координациялаган.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Россия жетектеген Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйыны Нью-Йорк убактысы боюнча бүгүн болот. Анда Коопсуздук кеңешинин бир айдагы иш программасы бекитилет. Андан соң Россия Федерациясынын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя маалымат жыйынын берет. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясына мүчө мамлекеттер үчүн жабык брифинг өткөрөрү айтылды.

Россиянын төрагалыгынын маалындагы борбордук иш-чаралар адилеттүү, демократиялуу жана туруктуу дүйнөлүк тартипти курууга, Жакынкы Чыгышты жөнгө салууга, ошондой эле БУУнун ЖККУ, КМШ жана Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташуусуна арналат деп күтүлүүдө.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга чейин белгилегендей, акыркы тема колдоо таап, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов бул жыйынга сөз сүйлөөгө чакырылган.

Жалпысынан бир айдын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңеши жыйырмага жакын ачык жыйындарды жана жабык консультацияларды өткөрөт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат, анын ичинде беш туруктуу мүчөсү бар: Улуу Британия, Кытай, Россия, АКШ жана Франция. БУУнун Коопсуздук кеңешинде он мамлекет убактылуу мүчө: Алжир, Гайана, Мальта, Мозамбик, Корея, Словения, Сьерра-Леоне, Швейцария, Эквадор жана Япония.

Бүткүл дүйнөлүк уюмдун уставына ылайык, Коопсуздук кеңеши тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту сактоого жооптуу жана БУУга мүчө бардык өлкөлөр анын чечимдерине баш ийүүгө милдеттүү. Коопсуздук Кеңешине кирген мамлекеттер өз ишин англис тилинин алфавиттик тартиби боюнча кезеги менен алып барышат. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу мөөнөтү бир айга созулат. Июнь айында бул функцияларды Корея аткарса, августта Сьерра-Леоне Коопсуздук кеңешинин ишин жетектей тургандыгы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий