• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Россия Кыргызстандан ташылган 5 тонна кургак сүттү кайрадан өткөрбөй койду

Коом 0

Бишкек, 06.03.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Россия бийлиги Оренбург облусуна Кыргызстандан россиялык шаарларга сатуу үчүн ташылып бара жаткан 5 тонна кургак сүттү кайрадан өткөрбөй койгонун билдирди.

Россия Айыл чарба көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча казак-россия чек арасындагы “Сагарчин” өткөрүү пунктунда Кыргызстандан бара жаткан унаа токтотулган.

Жүктү текшерүү учурунда продукциянын сапатын жана коопсуздугун ырастаган документтер жана маркировка жоктугу аныкталган.

Жүк ташуучулардын айтымында, товар Оштогу “Ак-Сүт” ААК ишканасына таандык.

Росссия Айыл чарба көзөмөлдөө кызматы продукцияны жок кылуу чечимин кабыл алууда.

Белгилүү болгондой, бул Россиянын аймагына “Ак-Сүт” ААК кыргыз компаниясынын продукциясын белгилүү бир туура келбестиктерди көрсөтүү менен биринчи жолу өткөрбөй коюлушу.

Пикир

Оставить комментарий