• 87
  • 90.41
  • 0.84

Россия Кыргызстанга 10 миң изилдөө реагенттер комплексин менен тест-системаларды акысыз берет

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Россия Кыргызстанга реагенттер комплекси менен тест-системаларды акысыз берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-декабрда КРнын РФдагы элчилиги Кыргызстанга 10 миң изилдөө үчүн реагенттер комплекси менен тест-системаларды акысыз берүү боюнча административдик келишимге кол коюуну пландаштырууда.

"Бул боюнча элчилик менен Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) «Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту» илимий федералдык бюджеттик мекемесинин ортосунда макулдашуу жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, тиешелүү гуманитардык жүк Кыргызстандын “Авиатрафик” авиакомпаниясынын жардамы менен жаңы жылдын алдында Бишкекке жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий