• 87
  • 90.41
  • 0.84

Россия Кыргызстанга 4,9 млн сомдук аскердик-техникалык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. 30-апрелде «Кант» россиялык авиабазасында Россия Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө радиациондук, химиялык жана биологиялык коргоочу каражаттары тапшырылды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, алынган жекече коргонуучу каражаттар (противогаздар жана ар кандай коргоочу костюмдар), РХБ коргоонуучу жабдыктар жана медициналык комплекттер менен КР Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамын жана анын ичинде өлкөнүн кээ бир райондорундагы өзгөчө абал режимин камсыздоого тартылгандар камсыздалышат.

4,9 млн сомдук аскердик-техникалык жардам КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Россия Коргоо министрлигинин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий