• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Россиялык университет кыргыз ЖОЖдору менен кызматташууга кызыкдар

Билим 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-сентябрында Кыргыз стандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россия мамлекеттик кесиптик жана педагогикалык университетинин (РМКПУ) ректорунун милдетин аткаруучу Валерий Дубицкий менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, В.Дубицкий профессионалдык жана педагогикалык кадрларды даярдоого адистешкен университеттин илимий жана билим берүү ишмердүүлүгү, жогорку окуу жайдын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары, ошондой эле студенттерди окутуу жана алмашуу программасын уюштуруу, профессионалдык билим берүү мекемелери үчүн педагогикалык кадрларды даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктѳрү жана Кыргызстандагы жогорку жана атайын орто билим берүүчү окуу жайлары менен өз ара байланыш түзүү ниеттери жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Р.Бийбосунов Билим күнү жана окуу процессинин башталышы менен В.Дубицкийди куттуктап, билим берүү секторунун кыргыз-орус мамилесиндеги өтө маанилүү орду бар экендигин белгиледи. Башкы консулдуктун билим берүү чөйрөсүндө алып барып жаткан иштери, Екатеринбургдагы атайын орто билим берүү мекемелердин жана ал жерде окуган Кыргызстандын студенттери менен өз ара байланыштары тууралуу маалымат берди, ошондой эле кыргыз илимий жана билим берүү тармагы менен кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда талкууланган сунуштар жакын арада КР Билим берүү жана илим министрлигине кароого жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий