• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абаддагы 450дөн ашуун мектеп директору үчүн эки күндүк семинар башталды

Билим 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде Жалал-Абад облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, окутууга 450дөн ашуун мектеп директору жана райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышууда.

Окутуунун жүрүшүндө “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”, “билим берүү системасындагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы”, “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Эл аралык PISA программасына жана Билим улуттук программасына даярдануу”, “Жалпы республикалык тестке даярдануу (ЖРТ)”, Мектепке инвестиция тартуу үчүн долбоорду кантип жазуу керек? ж.б. темаларда презентациялар жасалат.

Мындан сырткары, катышуучулар 16 топко бөлүнүп, математикалык, табигый-илимий, окуп-түшүнүү жана санариптик сабаттуулук темаларынын үстүндө иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий