• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Саясат 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 28-февралында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. Анда кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин бардык спектри, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кызматташуунун бүтүндөй комплекси боюнча, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий