• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда чет элдик жарандардын укуктук абалы, каттоосу боюнча мыйзамдар күчүнө кирди

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги ишке орношуу максатында Россияга келген Кыргызстандын жарандарына 2021-жылдын 1-июлундагы №274-ФЗ “Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү” жана “Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү” мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Россияга учуп келгенден баштап 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;
- Россияга барган 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;
- медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

“Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги Россиянын аймагына бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган федералдык мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий