• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Ноорузга карата уюштурулган бир катар иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/.Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Нооруз майрамына карата уюштурулган бир катар иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Кечиөрен муниципалитети, Анкара университети жана Анкарадагы элчиликтер менен биргеликте Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз комузчуларынын жана бий топторунун катышуусунда майрамдык концерт уюштурулуп, улуттук маданияттын буюмдары, улуттук тамак-аштар, «Манас» эпосунан фотокомпозициялар, кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын чагылдырган фотосүрөттөр, ошондой эле от жагуу, темир согуу, оттон секирүү сыяктуу салттуу ырым-жырымдар көрсөтүлдү.

Иш-чарада Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок, элчи Кубанычбек Өмүралиев, ТЮРКСОЙдун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Анкара университетинин ректору Неждет Үнүвар, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Молдова, Босния жана Герцеговинанын элчилери куттуктоо сөз сүйлөштү.

Мындан тышкары, элчилик Нооруз майрамына карата Гази университети тарабынан уюштурулган иш-чарага да катышты.

Окуу жайдын аймагында элчилик Гази университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен бирге Кыргызстандын тарыхын чагылдырган улуттук маданияттын буюмдарын көрсөтүү үчүн стенд орнотту.

Иш-чаранын алкагында элчи Кубанычбек Өмүралиев, Гази университетинин ректору Муса Йылдыз жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чара Нооруз майрамынын от жагуу, темир согуу, оттон секирүү сыяктуу салттуу элементтерин көрсөтүү менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий