• 87
  • 90.63
  • 0.79

Россияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны эки эсе кыскарды – Кулубаев

Саясат 0

Бишкек, 30.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кыргызстанда чоң долбоорлор башталган сайын жумушчу орундар түзүлүп, чет жердеги мекендештерибизди өлкөгө тартууга аракет жүрүүдө. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган пресс-конференциясында билдирди.

Анын айтымында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда кеминде 30 миңге жакын ар түрдүү багытта жумушчу орундар түзүлөт.

“Камбар-Ата 1 ГЭСине 5 миңден 12 миңге чейинки жумушчулар керек болот. Ошондуктан өзүбүзгө жумушчу ресурстар керек, мекендештерибизди өлкөгө тартканга аракет кылуудабыз. Россиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын аягында 650-700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар болсо алардын көбү Турция, Америка жана Европа өлкөлөрүнө чыгып кетишти”,- деди Кулубаев.

Белгилей кетсек, акыркы расмий маалыматтар боюнча Россияда мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөн 350 миңдин тегерегинде кыргызстандык мигранттар бар.

Пикир

Оставить комментарий