Бишкек, 22.01.25. / Кабар/. Россияда курулушта каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.
Ведомстводон билдиришкендей, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү "Альянс курулуш компаниясы" ЖЧКсынан жумуш учурунда бийиктиктен кулап курман болгон 2001-жылы туулган У.К. аттуу Кыргызстандын жаранынын үй-бүлөсүнө 2 млн рубль өлчөмүндө компенсация алууга жардам көрсөттү.
Белгиленгендей, маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу документтерди даярдоого жардам көрсөтүү үчүн өкүлчүлүктүн кызматкерлери №1 Соттук-медициналык өлүкканага, ошондой эле Москва шаарынын тергөө комитетине барып, репатриацияга байланыштуу бардык маселелер ыкчам чечилген.
"Өкүлчүлүк чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантууда",-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий