Россияда кыргызстандык айдоочуга карата козголгон кылмыш иши токтотулду — ТИМ

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Россияда кыргызстандык айдоочуга карата козголгон кылмыш иши кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда массалык маалымат каражаттарында Москвада атайын аскердик операциянын катышуучуларын ташуудан баш тарткан кыргызстандык айдоочуга карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат чыккан.

Аталган жарандын кайрылуусунун негизинде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан арыз ээсине толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

"Мындан тышкары, Кыргызстандын элчилиги РФ Тышкы иштер министрлигинин дарегине аталган жаранга карата козголгон кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароо өтүнүчү менен расмий нота жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.

ТИМден билдиришкендей, учурда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргызстандын жаранына карата козголгон кылмыш иши токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий