• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.03.24./Кабар/. Россияда кыргызстандык 50 жаштагы Ж.Г.М. атуу жаран жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Каргашалуу окуя 29-мартта Челябинск – Троица унаа жолунун 93-чакырымында катталган.

Кыргызчтандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү.

Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси иштелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий