Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Жыл башынан бери Россияда 618 кыргызстандыкка дээрлик 43 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандык эмгек мигранттарына министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жардам берген.
Көрүлгөн чаралардын аркасында кыргызстандыктар 42,9 мдн рубль эмгек акы алышты.
Ошондой эле Кыргызстандын 9 жаранына өндүрүштүк мертинүүгө байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн 5 млн рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүүгө жардам көрсөтүлгөн.
Ал эми жалпысынан 2022-жылдын ноябрь айынан бери өкүлчүлүк 1 132 жаранга төлөнбөгөн эмгек акысын жана 84 млн рублдан ашык келтирилген зыяндын ордун толтурууга жардам берген.
Пикир
Оставить комментарий