• 87
  • 90.59
  • 0.87

Россияда жүргөн мигранттар мыйзамдарды сактаса, эч кандай көйгөй жаралбайт – элчи

Коом 0


Бишкек, 25.11.24. /Диана Айдарова-Кабар/. Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн Кыргызстандык жарандар мыйзамдарды так сактаса, эч кандай кыйынчылык жаралбайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов бүгүн, 25-ноябрда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Элчи Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын бир катар артыкчылыктары бар экенин эске салды.

Алар:

  • Патент алуунун кереги жок;
  • Россия Федерациясынын аймагына кирүү үчүн уруксат алуу талап кылынбайт;
  • Орус тили боюнча сынак тапшыруунун кереги жок.

Анын айтымында, мигранттар маселеси боюнча аракеттер жана жоопкерчиликтер эки өлкөдө тең болушу керек.

«Анткени бул маселе Кыргызстан үчүн да, Орусия үчүн да абдан татаал жана маанилүү. Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары жыл сайын Кыргызстанга болжол менен 2,5 миллиард доллар которушат. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң колдоо. Ошондой эле, Россия Федерациясы үчүн да абдан маанилүү. Анткени, экономикалык өнүгүү белгилүү бир компетенттүүлүккө ээ квалификациялуу жумушчуларды тартууну талап кылат. Демек, бул эки тарапка тең пайдалуу процесс», - деди Сергей Вакунов.

Россия Федерациясында жүргөн бардык адамдар сыяктуу эле, кыргызстандык жарандар дагы чек арадан өткөндө тийешелүү текшерүүдөн өтүшөт. Бул бардык жарандар үчүн каралган бирдиктүү талап. Кыргызстанга келген Россиянын жарандары да, ушундай эле жол менен паспорттук текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.

«Эң негизгиси, мигранттар Россиянын аймагында жүргөндө Россия Федерациясынын жарандары сыяктуу эле мыйзамды сактоого тийиш экенин так билип, туура түшүнүүсү шарт. Мыйзамдардын так сакталышы менен эмгек мигранттарында эч кандай көйгөйлөр болбойт жана аларга эч кандай кошумча талаптар коюлбайт”, - деди Вакунов.

Ошондой эле, Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы мындай жаңычылдыктар, өзгөчө Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин зарыл болгон талап менен шартталганын белгиледи.

«Анткени Россия Федерациясына террористтик басым тынымсыз уланууда. Бул мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара. Ошондуктан, өткөрмө пункттардагы узакка созулган текшерүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек», - деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясында миграция тармагындагы мыйзамдар иштелип чыгууда. Ал эми, ЕАЭБге мүчө мамлекет катары, Кыргызстандын жарандарына жеңилдиктер каралышы керек. Анткени, ЕАЭБдин негизги принциби – ага мүчө мамлекеттердин жарандары ЕАЭБ өлкөлөрүндө эркин жүрүүсү. Биздин министрдин билдирүүсүнө таянсак, Россия Федерациясы өлкөдө болуу жана текшерүү талаптарын катаалдаштырып жатып, Кыргыз Республикасы уюмга мүчө экенин эске алышы керек жана ошол эле учурда эки тараптуу мамилелерди да унутпашы керек,-деп баса белгиледи элчи сөзүнүн аягында.

Пикир

Оставить комментарий