• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Россиядагы элчи Татарстан Элдеринин достугу үйүнө барды

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын Элдеринин достугу үйүнө барды. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Москвадагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү дагы катышты.

Режиссер И. Шарипов Кыргыз Республикасынын делегациясын Татарстан Элдеринин достугу үйүнүн иши менен тааныштырды. Ал Татарстан Элдеринин Ассамблеясынын иш-чараларына кыргыз диаспорасынын активдүү катышуусу жөнүндө сөз кылып өттү.

2021-жылдын февраль айында Татарстан Элдеринин Ассамблеясы Татарстандын «Ынтымак» кыргыз диаспора уюмунун башчысы Бейшенбек Муканбетовго элдердин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырган.

Элчи Татарстан Элдеринин достугу үйүнүн этномаданий ар түрдүүлүктү сактоодогу, республикада улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты орнотууга салым кошкон иш-чараларды уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү жогорку ролун белгиледи.

Ошондой эле кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө «Күндөр жана Кылымдар» аттуу документалдуу фильм көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий