• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

С.Жээнбеков: “Жыл башынан бери Кыргызстанда 181 өзгөчө кырдаал катталды”

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 181 өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу бүгүн селектордук жыйында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өлкөдө 181 өзгөчө кырдаал катталды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул цифра 14тү гана түзгөн. Үстүбүздөгү жылы 73 адам каза болду.

“Бул жыл катаал, жаан-чачындуу болду. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө, бул дарыяларга жакын жашаган тургундарга чоң коркунуч туудурат. Ошондуктан, биз ал жакка каржылык, материалдык жана адам күчүн жөнөтүшүбүз керек”,-деди премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий