Бишкек, 15.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. 13-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери, Южно-Сахалинск шаарындагы консул менен биргеликте Южно-Сахалинск шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты.
Элчиликтен билдиришкендей, иш сапар учурунда өлкөдөн чыгарууну күтүп жаткан кыргызстандыктыктар менен баарлашып, тийиштүү консулдук-укуктук консультация берип, аларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.
Ошондой эле мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулуп, аталган борбордо убактылуу кармалган кыргызстандыктардын жашоо-шарттарын, аларды документтештирүү жана Кыргызстанга кетүү тартибине байланышкан маселелер талкууланды.
Эске салсак, элчиликтин кызматкери борборго барган учурда, административдик түрдө кабыл алынуучу өлкөдөн чыгарууну күтүп жаткан Кыргызстандын 14 жараны болгон.
Пикир
Оставить комментарий