• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаарды мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Жүрөгүңдү ач" коомдук фонду кайрымдуулук акциясын уюштуруп, Октябрь районундагы аз камсыз болгон жана көп балалуу 10 үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар 4 үй-бүлөгө керектүү буюмдар тапшырды.

Акциянын алкагында жалпысынан аз камсыз болгон жана көп балалуу 34 үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар 27 үй-бүлөгө кийим-кече түрүндө жардам көрсөтүлдү.

Бул акция үзгүлтүксүз уланат.

Пикир

Оставить комментарий