• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Россиядагы кыргыз диаспорасы мекендештерди сак болууга чакырды – видео

Коом 0


Бишкек, 26.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Россиядагы кыргыз диаспорасына Россиянын Ички иштер министрлигинен кайрылуу каты келди. Бул тууралуу диаспоранын төрагасы Кубанычбек Осмонбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, катта Россиянын аймагы боюнча эл аралык террористтик уюмдар жардыруу уюштурууга аракет жасап жаткандыгы айтылган. Оперативдик маалыматтарга ылайык, ал жардырууларды курьерлер аркылуу ишке ашыруу планы бар экендиги белгиленген.

Мындан улам Кубанычбек Осмонбеков Россияда такси жана курьердик кызматтарда иштеген мекендештерди сак болууга чакырды.

“Россия Фдерациясынын ИИМинин бизге жиберген катында кыргызстандыктарга маалыматты жеткирип коюу өтүнүчү айтылды. Буга байланыштуу такси кызматында жана курьер болуп иштеген мекендештер, кандайдыр бир буюмдарды алып-берип жатканда кайсы жерден алып баратасыздар, кимден алдыңыздар бүт баарын тактап, ачып көрүп анан оокаттарды жеткириңиздер. Буюртма берүү менен террористтер жардыргыч затты эл көп топтолгон метро, аэропорт, вокзалдарга жөнөтүп, курьер менен чогуу жардырганга аракет көрүп жатат деген маалыматтар бар экен. Ошол үчүн ар бир мекендешке ушул маалыматтарды таратып коюңуздар”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Россиянын Красногорск шаарында жайгашкан "Крокус" концерттик залында 22-март күнү теракт жасалган. Кол салгандар имараттагы адамдарга автоматтан ок атып, залга өрт коюшкан. Анда 145 адам каза таап, "Крокус сити холл" толугу менен күйүп кеткен болчу.

Пикир

Оставить комментарий