• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргыз делегациясы ИКУ ТИМКнын Афганистандагы гуманитардык кырдаал боюнча жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы кечээ, 19-декабрда Сауд Аравия Падышалыгынын демилгеси менен Исламабад шаарында Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ТИМК) Афганистандагы гуманитардык кырдаал боюнча 17-кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында Пакистандын тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши төрагалык кылды. Иш-чарада Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммед аль-Джасир, БУУнун гуманитардык жардамынын координатору жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Мартин Гриффитс, ИКУнун башкы катчысы Х.Брахим Таха, аймактык топтордун өкүлдөрү жана делегациялардын башчылары сөз сүйлөштү.

Мамлекет башчысынын Афганистан боюнча атайын элчиси Авазбек Атаханов Кыргызстандын президенти С.Жапаровдун кайрылуусун окуду. Кайрылууда президент «Афганистан кайрадан ички келишпестиктерден согушка чөгүп кетпеши үчүн ага жардам берүүгө, зарыл болгон гуманитардык жардамды көрсөтүүгө, андагы чыңалуунун андан ары жайылышына жол бербөөгө үгүттөгөн.

Ушундан улам президент С.Жапаров ИКУнун ТИМКнын кезексиз жыйынынын катышуучуларына афган өкмөтү менен анын эл аралык коомчулукка интеграцияланышы, курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишти улантууга чакырды.

Иштин жыйынтыгы боюнча ИКУ ТИМК катышуучулары Афганистандагы гуманитардык кырдаал боюнча резолюция кабыл алышты. Анда 2022-жылдын биринчи кварталында Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүү фондун түзүү, азык-түлүк коопсуздугу программасын ишке ашыруу тууралуу, ошондой эле Афганистанга бардык террористтик уюмдарга, өзгөчө Аль-Каидага, ИГИЛге жана анын түзүмдөрүнө каршы конкреттүү чараларды көрүү чакырыгы белгиленген.

Ошондой эле элчи жана ИКУнун башкы катчысынын гуманитардык, маданий жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча жардамчысы Тарик Али Бахиитти ИКУнун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү катары дайындоо чечими кабыл алынды.

ИКУ ТИМКнын 17-кезексиз жыйынынын алкагында тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев делегациялардын башчылары менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий