• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Россиялык авиакомпаниялар Өзбекстанга каттамдарын токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.03.22./Кабар/. Россиялык Smartavia жана iFly авиакомпаниялары Өзбекстанга учууларын токтотууда. Бул тууралуу "Узавиация" мекемеси билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Smartavia компаниясы 7-марттан тартып Москва-Ургенч-Москва каттамын токтотот.

iFly авиакомпаниясы 5-марттан тартып Өзбекстандагы бардык каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Буга чейин "Аэрофлот", "Россия", "Аврора" жана S7 авиакомпаниялары да Өзбекстанга каттамдарын токтоторун жарыялаган.

Россия Украинага аскердик чабуул жасагандан кийин батыш өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларын кеңейткен. Россиялык авиакомпаниялар үчүн АКШ , ЕБ өлкөлөрү жана башка бир катар мамлекеттер аба мейкиндигин жапкан.

ЕБ россиялык авиакомипанияларга учактарды, жабдыктарды жана тетиктерди сатууга жана 28-марттан кийин лизингге берүүгө тыюу салган. Ага чейин европалык өндүрүштөн чыккан учактар (анын ичинде Airbus) лизинг ээсине кайтарылышы керек.

Пикир

Оставить комментарий