Бишкек, 09.12.22./Кабар/. Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Владимир Путин Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.
Пикир
Оставить комментарий